Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум айылынын 29 жаштагы тургуну Айзирек Маликова үч эм кыз төрөдү.
Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов жана Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Мисиралиевдер үч эмди кабар алып, Ош областтык төрөт үйүнө барышты.
Анда жетекчилер үч эмдин апасына ден соолук каалап, буюрса кыздар келечекте Кыргыз элине кызмат кылган, атын тааныткан Курманжан Даткадай мыкты кыздардан болоорун айтышып, жергебизге тынчтык, амандык тилешти.
Ымыркайлар үчүн атайын кийим-кече, акчалай белек жана 3 коляска тапшырылды.
Ымыркайлар 15-майда жарыкка келген.
Үч эмдин атасы Жаңыбай Урайым уулу Кадамжай райондук милициясынын “Жаныкул Садиров” атындагы Бүргөндү аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүсү болуп эмгектенет. Ал милициянын кенже лейтенанты.
Жубайы Баткен Айзирек Маликова 29 жашта, кесиби боюнча журналист.
Ымыркайлар кесарева жолу менен төрөлгөн.
Үчөө тең кыз, алардын салмагы — 2000 грамм, 1780 грамм, 1720 грамм болду.
Учурда аялдын жана ымыркайлардын абалы жакшы.