Эл үчүн жасаган эмгеги менен экинчи өмүрүн сүргөн Жаанбай Эркебаевдин 100 жылдык мааракеси өткөрүлдү.
Маараке өзү туулуп өскөн Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнүн Жаңырык айылында чоң салтанат менен белгиленди.
Ага Баткен районунун акиминин орун басары Кишимжан Кыдырова, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айыл тургундары, аксакалдар, санаалаштары, уул, кыздары катышты.
Мааракеде район акиминин орун басары Кишимжан Кыдырова сөз сүйлөп, айыл элин Жаанбай Эркебаевдин 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, айыл элине тынчтык, амандык каалап өттү.
Жакын санаалаштары Жаанбай Эркебаевди көп жылдар жетекчи болуп иштөө менен барган жеринде артында из кала тургандай жакшы иштерди калтырууга тырышкандыгын белгилеп, райондун өнүгүшүнө чоң салым кошкондугун баса белгилеп өтүштү.
Жаанбай Эркебаев эмгек жолунда эл үчүн кызмат өтөп, түшүмдү арттыруу, калкка социалдык-маданий жактан пайдасы тийген курулуштарды курууга дитин койгон инсан болгон. Маселен Дара тараптагы райондогу экинчи болгон Фрунзе атындагы орто мектебин курууга демилгечи болуп катышып, татаал жолдорду оңдоодо, жаңыдан салууда салымы жогору болгон.
Улуу ата мекендик согуштун ардагери Жаанбай ата 18 жашында кан майданга аттанган.Жаш жигит Ленинграддагы Волхов багытында жайгашкан 314 аткычтар дивизиясында кызмат өтөп ондогон айылдарды бошотууга катышкан.
Эл үчүн жасаган эмгеги бааланып, коомдук ишмер, улуу ата мекендик согуштун ардагери Ж.Эркебаевдин ысымы кезегинде өзү туулуп өскөн Жаңырык айылындагы мектепке 2007-жылы ыйгарылган.
Учурда бул мектепте 100дөн ашуун окуучуга ондон ашуун мугалим билим тарбия берип келет.
Иш-чара мектеп жамааты жана Эркебаевдин уулдары тарабынан демилгеленип уюштурулуп, жаштарга өткөн тарыхты билүүгө, өрнөктүү өмүрдү даңазалоо менен мекенчилдик сезимди жогорулатуу максатында уюштурулган.
Өрнөктүү өмүр ээси 5 уул 3 кызга татыктуу тарбия берген.
Уул-кыздарын тарбиялоодо адамдык асыл сапаттардын ээси болууга басым жасагандыгын уулдары эскеришет.
Коомдук ишмер, бир нече жыл жетекчилик кызматтарда эмгектенген.
Учурунда калк үчүн алгылыктуу иштерди аткаруу менен бүгүнкү күнгө чейин эл эсинде калды.
Учурда эл үчүн жасаган эмгегинен тапкан экинчи өмүрүн сүрүүдө.
Эске салсак бул эскерүү иш-чарасы Баткен районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгынын алкагында уюштурулуп өткөрүлдү.