Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баш болгон делегация Баткен районунун Аксай айыл өкмөтүнүн, Тажик Республикасынын Исфара районунун Хочаи-Аъло айылы менен чектешкен Тумба жерлигинде Тажик Республикасынын Исфара районунун төрагасы Б.Баходурзода жетектеген делегация менен жолугушту.
Жолугушууга эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, тийиштүү жетекчилер катышты.
Жолугушууда чек ара, укуктук тартип, күндөлүк жашоодо болуп жаткан маселелер туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Андан сырткары эки элди түрдүү провокациялык чакырыктарга алдырбоо маселелери каралып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда эки тараптуу туруктуулукту сактоо жактары жана 25-май акыркы коңгуроо иш чараларына байланыштуу чек аралаш аймактарда түрдүү инциденттердин алдын алуу жана болтурбоо боюнча эки тараптуу укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, атайын кайгуулдарды уюштуруу, эл көп топтолгон жерликтерде ыкчам тиешелүү чараларды көрүү, өрт жана өзгөчө кырдаалдардын алдын, кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо жана майрам күндөрү коомдук, коопсуздукту сактоо жактары макулдашылды.
Ошондой эле эки тараптуу мамилелерди чыңдоо боюнча да кенен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Бул жолку жолугушуунун максаты массалык баш аламандыкка жол бербөө, ушул жылдын 13- майында Бишкек шаарында болгон чет элдиктердин катышуусунда мушташ болгондугуна байланыштуу эки элдин ортосунда тынчтыкта сактоо, 25-май акыркы коңгуроо салтанаттарын коопсуз, тынч өткөрүү жана чек аралаш аймактарда коомдук-саясий абалды туруктуу кармоо.
Учурда Баткен районунун аймагында коомдук саясий абал тынч жана район акиминин көзөмөлүндө.