Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагында Баткен районунун 90 жылдыгынын алкагында энелер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Ага Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Келдибек Мергенов, Баткен райондор аралык Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Сүйүнбай Сатыбалдыевдер, тийиштүү жетекчилер, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн, көп балалуу баатыр жана ардагер энелер, “Аялдар жана прогресс” жоокерчилиги чектелген коомунун координатору жана мүчөлөрү катышты.
Район акими Учкунбек Жоробаев айымдарды “Эне”, – деген ардактуу наамга жетип, анын ар бир түйшүгүн кубанычка айландырган сыймыктуу күн менен жалпы аялдарды Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын жана жеке өзүнүн атынан куттуктап, энелерге таазим этүү менен аларга дөөлөттүү карылык жана бакубат жашоо каалады.
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө Баткен районунун мамлекеттик администрациясы жана Самаркандек айыл өкмөтү тарабынан райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана келечек муундарды тарбиялоодогу кошкон жигердүү эмгеги үчүн бир катар энелерге Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары жана баалуу белектери тапшырылды.
Алсак бүгүнкү өткөрүлгөн энелер күнү Самаркандек айыл өкмөтү тарабынан уюштурулуп, “Аялдар жана прогресс” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан каржыланып өткөрүлдү. Аталган коом тарабынан энелерге баалуу белектер тапшырылды.
Салтанаттуу майрамда Кыргыз Республикасынын эл артисти Сыймык Бейшекеев келип, чек арадагы апаларды энелер күнү менен куттуктап, ыр белегин тартуулады.
Келген меймандар район акимине жана жергиликтүү бийликтин көңүл бөлүүсүнө ыраазычылыктарын айтышып, баталарын берип көтөрүңкү маанайда узашты.
Белгилей кетсек, Баткен районунун аймагында энелер күнү жыл сайын май айынын үчүнчү жумасында белгиленип келет.
Бул майрам көп жылдан бери өлкөдө өзгөчө салтанат менен белгиленип келе жатат.
Даталуу күнгө карата ар жыл сайын кезеги менен “Баатыр энелерге”, көп балалуу энелерге жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө Баткен районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан белектер ыйгарылып келет.