Эне деген – керемет сөз. Бул сөз бардык тилде бирдей назик айтылат. Энелердин мээрими адамды жарык дүйнөгө келгенден тартып колдоп жүрөт. Жашоодо алгачкы кадамды жасоого жөлөк болот. Турмушта өз жолун табууга көмөктөшөт. Кээде биз энелерибизди капа кылсак да, алар эч качан биздин көңүлүбүздү калтырбайт. Эненин жүрөгү эң боорукер, айкөл жана кечиримдүү. Адам баласы өмүр бою эненин жылуу сөзүнө, колдоосуна жана кубаттоосуна муктаж.
Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан энелерди, бардык аялзатты жаркын майрамы менен куттуктайм.
Урматтуу Баткен районунун айымдары!
Кымбаттуу энелер!
Ар дайым балдарыңыздардын ийгиликтерине ортоктош болунуздар, неберелер эрмек болуп, көңүлүңуздөрдү көтөрүп турсун! Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, үй-бүлөдөгү ынтымак жана бардык жакшылыктарды каалайм!
Кымбаттуу апалар жана энелер!
Кыргызстаныбызда тынчтык жана туруктуулук болсун!
Майрамыныздар менен урматтуу энелер!