Чек ара аймактарында туруктуулукту кармоо максатында Баткен районунун акиминин 1-орун басары Таалайбек Ибраимов Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылы менен Тажикстандын Хочаи-Аъло айылына чектешкен Төрт-Көчө жерлигинде Тажик Республикасынын Исфара районунун төрагасынын орун басары Мухамад Мухидинзоода менен жолугушту.
Жолугушууга эки тараптын суу чарба башкармалыгынын башчылары, тийешелүү өкүлдөр катышты.
Жолугушууда чек ара, укуктук тартип, негизги маселелердин бири болгон сугат суу маселеси эки тараптуу каралып, ар бир жасалган жумуштарды макулдашуу менен жүргүзүү, суу талаш көйгөйү жаралбашы үчүн алдын ала макулдашуулар зарылдыгы белгиленип, макулдашылбаган аймактарда эки тараптуу курулуш иштерин, түрдүү аракеттерди болтурбоо жана алдын алуу, ирригациялык, чарбалык жана күндөлүк жашоодо болуп жаткан маселелер туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Андан сырткары эки элди түрдүү провокациялык чакырыктарга алдырбоо маселелери каралып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда эки тараптуу туруктуулукту сактоо жактары сүйлөшүлдү.
Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө бир топ маселелер жеринде талкууланып, Кайырма жана Жыйноо каналдарында суу үзгүлтүксүз өтүп туруу жагы эки тараптуу макулдашылды.
Учурда Баткен районунун чек ара аймагында коомдук саясий абал тынч. Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдин көзөмөлүндө.