Бүгүн 14-майда Кыргыз Республикасынын Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр, Өзбек Республикасынын Сох районунун Шархабад жерлигинде Баткен районунун акими У. Жоробаев баш болгон күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана тийешелүү жетекчилер Өзбек Республикасынын Сох районунун акими С.Саидмусаев жетектеген делегация менен жолугушту.
Анда эки тарап чек аралаш аймактарда коомдук саясий абалды туруктуу кармоо, чек ара аймактарда чыр чатактардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо, чарбалык ирригациялык жана эки элдин ортосунда ынтымакты бекемдөө, алака берекени күчөтүү, эки тараптуу маданий иш чараларды өткөрүү маселелерди карап, кеңири сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Эки тараптуу жолугушуу конструктивдүү духта, бирин-бири түшүнүү менен өткөрүлүп, өз максатына жетти.
