Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баш болгон делегация Баткен районунун Кызыл-Бел өткөрмө бекетинде Тажик Республикасынын Исфара районунун төрагасы Б. Баходурзода жетектеген делегация менен жолугушту.
Жолугушууга эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, Кадастр мамлекеттик мекемесинин башчысы катышты.
Жолугушууда чек ара, укуктук тартип, күндөлүк жашоодо болуп жаткан маселелер туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Андан сырткары эки элди түрдүү провокациялык чакырыктарга алдырбоо маселелери каралып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда эки тараптуу туруктуулукту сактоо жактары жана чек аралаш аймактарда түрдүү инциденттердин алдын алуу жана болтурбоо боюнча эки тараптуу укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, атайын кайгуулдарды уюштуруу, эл көп топтолгон жерликтерде ыкчам тиешелүү чараларды көрүү, өрт жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча коомдук, коопсуздукту сактоо жактары макулдашылды.
Бул жолку жолугушуунун максаты чек аралаш аймактарда коомдук-саясий абалды туруктуу кармоо.
Учурда Баткен районунун аймагында коомдук саясий абал тынч.