Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Кыштут айыл аймагынын Сай айылынын тургундары менен жолугушту.
Жыйынга райондун аймагындагы мекеме ишканалардын жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн башчылары, аталган айыл өкмөтүнүн тургундары катышты.
Жыйында алгач район акими Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун көйгөйлүү маселелерди чечкен жарлыктары, президент тарабынан аткарылып жаткан иштери жана чечимдери туурасында элге кенен маалымат берип, аймактын алдыдагы жылдарга өнүгүү багыттары туурасында айтып берди.
Жыйын район башчысы менен жергиликтүү элдин ортосунда суроо жооп менен уланып, эл тарабынан көйгөйлүү маселелер айтылып, тийиштүү жетекчилер жеринде жооп беришти.
Жыйында негизинен элдер тарабынан чек ара, турак жай, жол, сел өтүүчү тосмолор, пособие жана башка ушул сыяктуу маселелер көтөрүлдү.
Жыйындын соңунда айыл аксакалдары тарабынан келген жетекчиликке ыраазычылыктар айтылып, мындан ары иштерине ийгиликтерди каалашты.
Белгилей кетсек Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев буга чейин Дара айыл өкмөтүнүн жогорку аймагынын, Чек, Кыштут айыл өкмөтүнүн Газ, Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек айылдарынын тургундары менен жолугушуп, элдин көйгөйлүү маселелерин жеринде угуп, чечиле турган маселелерди чечип, тийиштүү жетекчилерге чечүү тапшырмасын берген.