Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана Баткен районунун 90 жылдыгына карата Баткен районунун Жаңы-Жер айылында 3 млн сомго спорт зал салынып, пайдаланууга берилди. Бүгүн 13-май күнү анын ачылышы аземи болуп, ага Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, Баткен районунун прокурору Нурбек Курманакунов, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Алмазбек Шагамурзаев, Дара айыл өкмөтүнүн башчысы Искендер Тилековдор жана райондун аймагындагы айыл өкмөттөрүнүн башчылары, мекеме ишканалардын жетекчилери, айыл тургундары, аксакалдар катышты.
Ачылуу аземине катышкан Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, айыл тургундарын кубанычтуу саамалык менен куттуктап, “дени сак өлкө – дени сак улут”, жаштар арасында сергек жашоо образын калыптандыруу аракети мындан ары активдүү уланат” деп белгилеп, спорт залдын курулушуна салымын кошкон бир катар алдыңкыларга Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын ыраазычылык каттарын тапшырды.
Бул спорт залы 2021-жылы элдин демилгеси менен ашар жолу аркылуу курулуп башталган. Алгач жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан 1млн сом каралып, бетондоо иштери бүткөрүлгөн. Бирок акча каражатынын жетишсиздигинен, курулуш иши токтоп калган. Кайра 2023-жылы Баткен районунун өнүктүрүү фондунан 1 млн 646миң сом акча каражаты каралып, курулуш иши кайра жанданган. Ага Дара айыл өкмөтү тарабынан да 1млн 400миң сом бөлүнүп, бүгүн спорт зал салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди.
Жаңы-Жер айылында алгачкы жолу мындай спорт залы курулуп, айыл жаштары үчүн жакшы шарт түзүлдү.
Спорт залда кыздар жана балдар волейбол, баскетбол жана спорттун бир канча түрүн ойноп, түрдүү мелдештерге машыкса болот.
Буга чейин Жаңы-Жер айылында жаштар үчүн спорт зал жоктугунан, Чек айылындагы спорт залда ойноого мажбур болуп келишкен.
Белгилей кетсек бүгүн жаңы ачылган спорт залда алгачкы оюн башталып, райондук мекеме ишканалардын жана айыл өкмөттөрүнүн арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлүп, оюн кызуу улантылды.
Сергек жашоо образын жайылткан мелдеште жакшы оюн көрсөткөндүгү жана спорттук иш-чарага активдүү катышкандыгы үчүн мыкты оюнчулар жана мелдеште алдыңкы орунду камсыз кылгандар Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын I, II, III даражадагы дипломдору, баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.
“Өзүңүздөргө маалым болгондой Баткен району 1934-жылы түзүлүп, быйыл 90 жылдык маарекесин белгилөө алдында турабыз. Андагы түрдүү иш чаралар райондун бардык айыл аймактарында, билим берүү жана башка мекеме иш каналарда өткөрүлүп жатат”,- деди район акими Учкунбек Жоробаев.
Район жетекчисинин айтымында алдыда дагы райондук деңгээлдеги жакшы саамалыктарды өткөрүү мерчемделген жана катары менен өткөрүлүп келүүдө.
Бул иш чараны уюштуруудан максат дени сак жашоо образын жайылтуу, кызматкерлердин биримдигин жана достук ынтымагын бекемдөө. Ошондой эле спортко тартуу болуп саналат.