2026-жылдын 27-январында Кара-Булак айылындагы С. Эрматов атындагы мектепте “Куттуу мектеп – жаркын келечекке карай” аттуу райондук семинар болуп өттү.
Иш-чарага Баткен районунун акиминин орун басары Жумагүл Сатыбалдыева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов, ошондой эле облустук жана райондук жетекчилер, адистер, 40тан ашык социалдык педагогдор, ата-энелер жана коомдук өкүлдөр катышты.
Семинар өспүрүмдөр арасында зомбулуктун, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алууга багытталып, тарбиялык сабактар, форум-театр жана концерттик программа менен коштолду.
Коопсуз мектеп — коомдун жана мамлекеттин келечеги!




