ЖАРЫЯ!ЖАРЫЯ!ЖАРЫЯ!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн 2017-жылдын 24-июлундагы “Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” № 449 токтомунун негизинде Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиясынын Төрайымынын экинчи орун басары-жарандык коомдун өкүлү- талапкерлерине Баткен райондук мамлекеттик администрациясы жарыя берет.
Жарандык коомдун талапкерлери социалдык коргоо, билим берүү, саламаттык сактоо чөйрөлөрүндө, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жаатында иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жарандары болушу керек.
Комиссиянын курамына кирүүнү каалаган жарандык коомдун талапкерлери Баткен райондук мамлекеттик администрацияга 2025-жылдын 3-октябрына саат 18:00гө чейин төмөнкү документтерди:
– жеке арызын;
– паспортунун көчүрмөсүн;
– резюме;
– эмгек китепчесинин көчүрмөсүн жиберет.
Арыздарды кабыл алуу жарыяланган күндөн тартып он беш календарлык күндүн ичинде Баткен райондук мамлекеттик администрация тарабынан жүргүзүлөт. Байланыш номерлер 0774495052, 0772389095, 0362250820