«Жер-укуктук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамына жана «Жерлерди өз алдынча мыйзамсыз басып алуунун алдын алуу жана токтотуу чаралары жөнүндө» Жарлыгына ылайык, жер мунапысы кабыл алынгандан кийин курулуп калган объектилерди алгачкы калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.
Акимдин атайын буйругунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмалар берилген. Натыйжада Самаркандек, Ак-Сай, Суу-Башы айыл өкмөттөрүнүн аймагында мыйзамсыз курулуштарды алгачкы калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Бул аракеттер мыйзамсыз жер пайдалануунун алдын алуу жана жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатын көздөйт.




