Баткен районунда мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн семинар болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү уюмдары менен иштеген адиси Ч. Усенбаева катышты.
Семинарда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Калктын социалдык аялуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү, ошондой эле Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда, Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо жөнүндө” токтому боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө ваучердик каржылоо механизми боюнча ата-энелерге укуктары, ваучер алуунун тартиби жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Ал эми кызмат көрсөтүүчүлөргө “Балалык” маалымат тутумуна маалыматтарды киргизүү жана отчетторду тапшыруу тартиби боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Белгилей кетсек, жакынкы күндөрү Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында түзүлгөн комиссиянын чечимине ылайык, Баткен районундагы 11 жеке менчик бала бакчага катталган 33 бала кабыл алынып, бара баштайт.




