Баткен районунун аймагында мамлекеттик чек араны бекемдөө жана коопсуздукту камсыздоо максатында зым тосмолор менен тосуу иштери кызуу жүрүүдө. Бул иштердин жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн бүгүн Баткен районунун акими тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте аймактарга барып, аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышты.
Учурда чек ара тилкелеринде атайын техника жана адистер тартылып, иштер ырааттуу жүрүп жатат. Жергиликтүү тургундарга тоскоолдук жаратпоо максатында алдын алуу жана түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүүдө. Айыл тургундары менен ачык баарлашуу форматында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алардын коопсуздугу жана ыңгайлуулугу эске алынууда.



