















Баткен районунда энелерге болгон терең урмат-сыйды билдирген маанилүү салтанат болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы ыйгарылып, мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чаранын алкагында Баткен району боюнча жалпысынан 147 эне сыйлыкка татыктуу болду. Алардын ичинен жети же андан көп баланы чоңойтуп, татыктуу тарбия берген 51 энеге “Баатыр эне” ордени, ал эми алты баланы чоңойтуп жаткан 96 энеге “Эне даңкы” медалы ыйгарылды.
Салтанаттуу жыйынга Баткен районунун акими Данир Иманалиев, анын орун басары Жумагүл Сатыбалдыева катышып, энелерге төш белгилерин тапшырып, чын ыкластуу куттуктоо сөздөрүн айтып, бекем ден соолук жана үй-бүлөлүк бакубат жашоо каалашты.
Белгилей кетсек, учурда Баткен районунун аймагында үч миңге жакын “Баатыр эне” жана эки миңге жакын “Эне даңкы” медалынын ээси болгон энелер бар.