Баткен райондук мамлекеттик администрациясында 2025-жылдын I-жарым жылдыгынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгаруу боюнча коллегия болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Баткен районунун акими Данир Иманалиев, коллегия мүчөлөрү, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана тиешелүү кызмат адамдары катышты.
Коллегиянын башында Баткен райондук статистика бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эшмурзаев жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын адиси Кимсанбубу Режапова пенсия курагына жеткенине байланыштуу салтанаттуу түрдө узатылды.
Жыйында 2025-жылдын алгачкы жарым жылдыгындагы райондун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү, салыктардын түшүүсү, билим берүү тармагындагы абал, аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы каралды.
Белгиленгендей, жарым жыл ичинде райондо бир катар жаңы социалдык объекттер пайдаланууга берилди, калкты тейлөө борборлору ачылып, жаңы жумуш орундар түзүлдү. Райондун инфратүзүмү жакшыртылып, жашоочулардын социалдык абалы оң нукта өзгөрүүдө.
Район акими Данир Иманалиев жыйындын жүрүшүндө жооптуу жетекчилерге кеткен кемчиликтерди жоюу, тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча бир катар көрсөтмөлөрдү берип, айрым жетекчилерге оозеки эскертүүлөрдү жасады.
Ошондой эле аким 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгында аткарылуучу иштердин планын белгилеп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын талаптарын так аткаруу, күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөтүү жана коюлган милдеттерди так аткаруу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды жүктөдү.













