Кытайлык инвесторлор Самаркандек айыл аймагынын Кулан участкасында болуп, күн панелин орнотуу мүмкүнчүлүктөрүн жеринде карап чыгышты.
Алар аймактагы күн нурунун түшүүсүн, жер кыртышын жана инфраструктуралык шарттарды изилдешти.
Долбоор ишке ашса, жашоочулар туруктуу электр энергиясы менен камсыздалмакчы. Ошондой эле инвесторлор район акими менен жолугушуп, алдыдагы иштер боюнча пикир алышты.



