


Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Бужум айылында таштандыларды ташуучу атайын техникаларды тапшыруу иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага Баткен районунун акими катышып, жарандарды техникаларды туура жана таза пайдаланууга чакырды.
Бул атайын техникалар аркылуу аймактагы санитардык абалды жакшыртуу, таштандыларды ырааттуу жана үзгүлтүксүз чыгаруу максатталууда. Мындан ары “Кара-Булак” муниципалдык ишканасы техникалардын жардамы менен Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында тазалык иштерин алып барат.
Иш-чаранын алкагында район акими тарабынан аймактагы жашоочуларга жана кызматкерлерге тазалыкты сактоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди.