Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүндө “Кыргыз Республикасындагы айылдарды комплекстүү өнүктүрүү” долбоорунун алкагында көчмө жыйын өткөрүлдү. Бул долбоор Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) тарабынан каржыланып, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте ишке ашырылып жатат.
Иш-чарага KOICA уюмунун Кыргызстандагы өкүлдөрү, Баткен районунун акими, тиешелүү мамлекеттик адистер жана айыл өкмөтүнүн жетекчилиги катышты. KOICA өкүлдөрү Баткенге эки күндүк иш сапары менен келип, тажрыйба алмашуу максатында уюштурулган жыйынга катышууда.
Көчмө жыйын Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы Жер айылындагы логистикалык борбордо өтүп, анда долбоордун учурдагы жүрүшү, жетишилген жыйынтыктар жана келечектеги пландар кеңири талкууланды. Ошондой эле, курулган инфраструктуралык объектилерди мыйзамдаштыруу маселеси да каралды.
Район акими жыйынга катышкан бардык конокторду куттуктап, KOICA уюму менен түзүлгөн кызматташтык ийгиликтүү жүрүп жатканын баса белгиледи. Ошондой эле ал уюмдун Баткен районунда аткарган иштерине терең ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, KOICA уюму Баткен районунда бир катар маанилүү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырып, жергиликтүү калктын жашоо шартын жакшыртууга салым кошууда.




