Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким – Жарандык коргонуу башчысынын 2025-жылга карата бекитилген даярдык планынын алкагында, 2025-жылдын 23-25-июль күндөрү Баткен райондук Жарандык коргонуунун башкаруу органдары менен командалык-штабдык машыгуу өткөрүлдү.
Машыгуунун негизги темасы – «Өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда жана катталган учурда райондук Жарандык коргонуу органдарынын аракети».
Иш-чаранын максаттары:
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча райондук башкаруу органдарынын даярдыгы текшерилди;
Жарандык коргонуунун жетекчилеринин башкаруу көндүмдөрүн чыңдоо;
Абалды баалоо, ыкчам чечим кабыл алуу боюнча тажрыйбаны жогорулатуу;
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен райондук бөлүмү жана Жарандык коргонуу кызматтары ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмин жакшыртуу.
Бул машыгуу Жарандык коргонуу органдарынын чыныгы кырдаалдарда координацияланган жана ыкчам аракет көрүүгө болгон даярдыгын жогорулатууга багытталат.





