Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы менен Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү Баткен районунун Төрт-Гүл жана Суу-Башы айыл аймактарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Жолугушууларда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамдын талаптарын ишке ашыруу, расмий иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтомунун талаптарын сактоо маселелери кеңири талкууланды.
Мындан тышкары, жазуу эрежелеринин так сакталышы, көрнөк-жарнамалардын мамлекеттик тилде туура жана мазмундуу жазылышы тууралуу кеңири маалымат берилди.
Белгилей кетсек, мындай түшүндүрүү иштери Баткен районунун бардык айыл аймактарында улантылат.



