Кечинде тагыраагы 14-июль күнү кечки саат 20:00 дөн кийин Баткен районунун акими Суу-Башы айыл аймагындагы Бужум айылына барып, айылдагы санитардык абалга өзгөчө көңүл буруп, жол четтеринде топтолгон таштандыларды тез арада тазалап, аймакты иретке келтирүү боюнча тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмаларды берди.
Мындан сырткары, район башчысы Бужум айылындагы оорукана жана тез жардам бөлүмүнүн ишмердүүлүгү менен таанышып, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгү жана шарттары боюнча жеринде маалымат алды.
Аким тазалык — ден соолуктун башаты экенин баса белгилеп, калк жашаган ар бир аймакта санитардык тартиптин сакталышы биринчи кезекте жооптуу кызматтардын жана жергиликтүү тургундардын биргелешкен аракети менен камсыз болорун эске салды.




