Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Учкунбек Жоробаев Кыштут айыл өкмөтүнүн Газ айылынын тургундары менен жолугушту.
Жыйынга тийиштүү жетекчилер, айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл тургундары, аксакалдар катышты.
Өткөрүлгөн жыйындын жүрүшүндө район жетекчилерине эл тарабынан көйгөйлүү маселелер айтылып, район акими У. Жоробаев тийешелүү жетекчилерге маселелерди убагында чечүү боюнча тапшырмаларды берди. Ал эми кээ бир маселелерди жеринде чечүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.
Ошондой эле жыйында элдер тарабынан турак жай, сел өтүүчү тосмолор, жол, жайыт, таза суу, сугат суу, пособие жана башка ушул сыяктуу маселелер көтөрүлүп, тийиштүү жетекчилер жооп беришти.
Жыйындын жүрүшүндө район акими Учкунбек Жоробаев райондун аймагында жүрүп жаткан иштер туурасында айтып, өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан реформалар, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун көйгөйлүү маселелерди чечкен жарлыктары, президент тарабынан аткарылып жаткан иштери жана чечимдери туурасында кенен маалымат берип, айыл тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле Газ айылынын тургундарынын суранычын ордунда карап тиешелүү чараларды көрүү боюнча тапшырмаларды койуп, тийиштүү чечимдерди кабыл алды.
Газ айылынын тургундары буга чейин Газ айылынын Селлик жерлигине суу сактагыч куруу боюнча район акимине кайрылган болчу.
Район акими аталган жерликти жеринде көрүп келди.
Ошондой эле Селлик жерлигинде 1999-жылы Баткен окуясында курман болгон аскер кызматкерлеринин жаркын элесине арналып курулган эстелик мемориалынан кабар алып, курман болгондорго багышталып куран окулду.
Район акими Учкунбек Жоробаев жеринде айыл өкмөтүнүн башчысына эстелик мемориалын оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү тапшырды. Белгилей кетсек быйыл аталган коогалаңга 25 жыл болот. Аларды эскерүү иш чарасы быйыл ушул эстелик мемориалында өтүүсү күтүлүүдө.