2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгы менен Баткен районундагы жалпы билим берүүчү мекемелерде 1668 окуучу 9-классты, ал эми 783 окуучу 11-классты ийгиликтүү аякташты.
9-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен 62 окуучу окуудагы жетишкендиктери үчүн артыкчылык күбөлүккө ээ болушса, 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен 26 окуучу артыкчылык аттестат менен сыйланышты.
Бүтүрүүчүлөргө жалпы орто билим тууралуу документтерди тапшыруу иш-чарасы райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын (ИДН) кызматкерлеринин катышуусунда өттү.
Учурда бардык бүтүрүүчүлөр ата-энелери менен үйлөрүнө таратылып, район аймагында абал туруктуу жана тынч.


