Бүгүн Баткен районунда “Баарлашуу, ишеним, укук” коомдук бирикмеси ишке ашырып жаткан долбоордун алкагында иш-чара өткөрүлүп, жабдуулар тапшырылды. Иш-чарага Баткен районунун акими жана анын орун басары катышып, жабдууларды расмий түрдө тапшырышты. Долбоордун негизги максаты – чек ара аймактарындагы үй-бүлөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жергиликтүү жарандардын жашоо шартын жакшыртуу.




