Баткен районунун акими Төрт-Гүл айыл аймагынын Жаңы-Жер айылындагы курулуп жаткан 2 кабаттуу 500 орундуу мектептин курулуш иштерин жеринде көрүп келди.
Мектеп республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы суммасы 181 млн сомду түзөт. Мектепти
“Амин” жоопкерчилиги чектелген курулуш компаниясы жүргүзүп жатат.
500 орундуу мектеп бардык шарттары менен заманбап болуп курулуп жатат.



