Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Дөбө айылындагы Керме-Тоо жерлигинде жаңы балдар бакчасынын курулушу жүрүп жатат. Аталган обьектиге Баткен районунун акими барып, курулуш иштери менен жеринен таанышып келди.
Балдар бакчасы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, заманбап талаптарга жооп берген шарттарда курулууда. Курулуш иштери бүткөндөн кийин бул бакча аймактагы бөбөктөр үчүн ыңгайлуу тарбия берүүчү жай болот деп күтүлүүдө.


