Бүгүн Баткен районунда жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) жогорку упай алган бүтүрүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чарага район акими, анын орун басары, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, ошондой эле райондогу билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты.
Сыйлоо аземинин алкагында жогорку жетишкендиктерге жеткен бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери ыраазычылык каттар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Иш-чара учурунда район жетекчилиги билим сапатын мындан ары дагы жогорулатуу боюнча бир катар тапшырмаларды берип өттү.







