Бүгүн Баткен районунда медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы салтанаттуу түрдө белгиленип, атайын иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Баткен районунун акими Данир Иманалиев, Баткен шаарынын вице-мэри Акылбек Орозов, медицина мекемелеринин жетекчилери жана медициналык кызматкерлер катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө жетекчилер медицина кызматкерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктап, калктын ден соолугун сактоодогу эмгектерин жогору баалап, алдыңкы кызматкерлерди төш белги жана ардак грамоталар менен сыйлашты.
Ошондой эле бир катар медицина кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин төш белгилери жана ардак грамоталары менен сыйланышты.





