Бүгүн Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында район жетекчилигинин катышуусунда кезектеги аппараттык кеңешме болуп өттү. Кеңешмеде бир катар актуалдуу маселелер каралды.
Атап айтканда, мал чарбасында Ящур ылаңына каршы күрөшүүнү күчөтүү, жер мунапысын өз убагында жана так жүргүзүү, 2025–2026-жылдарга күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле зордук-зомбулуктун алдын алуу, айыл аймактардагы учурдагы кырдаал жана “Социалдык келишим” долбоорунун аткарылышы боюнча маселелер каралды.
Жыйындын жүрүшүндө Баткен районунун акими тиешелүү жетекчилерге жана айыл өкмөт башчыларына тапшырмаларды берип, ар бир маселе боюнча ыкчам жана жоопкерчиликтүү иш алып барууну талап кылды.
Кеңешменин жыйынтыгында белгиленген тапшырмалардын аткарылышы боюнча көзөмөл күчөтүлөрү айтылды.



