Бүгүн Баткен районунун акими Суу-Башы айыл өкмөтүндөгү Ширеч насостук бекетине барып, абал менен жеринен таанышты. Учурда суунун деңгээлинин жогорулашынын натыйжасында суу бөлүштүрүүчү жайды суу жууп кеткен. Мунун кесепетинен дыйкандарга суу жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралууда.
Район акими сугат суу үзгүлтүксүз берилүүсү үчүн тийиштүү жетекчилерге жана айыл өкмөтүнүн башчысына зарыл болгон чараларды тез арада көрүү тапшырмасын берди.
Райондук бийлик дыйкандарды суу менен камсыз кылуу маселесин өзгөчө көзөмөлгө алууда.


