Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында кезектеги аппараттык кеңешме болуп өттү. Кеңешмеге райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана тиешелүү адистер катышты.
Жыйында коррупциянын алдын алуу чаралары, БУУнун Азык-түлүк программасынын Баткен районунда жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү, түрткү берүүчү гранттар жана райондук өнүктүрүү фонду тарабынан аткарылып жаткан иштер талкууга алынды.
Район акими аталган маселелер боюнча тиешелүү жетекчилерге жана айыл өкмөт башчыларына конкреттүү тапшырмаларды берип, ишти жандандыруу зарылдыгын белгиледи.



