Улуу жеңиштин 79 жылдыгына, Баткен районунун 90 жылдыгын урматына жана 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасында орун алган окуяда жапа чеккен элдердин маанайын көтөрүү максатында бүгүн Баткен шаарынын борбордук стадионунда “Баткен Максат” тобунун 30 жылдык мааракелик концерти болуп өттү.
Концертке Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, шаардын мэри Имамназар Бурканов жана райондун аймагындагы бардык айыл өкмөтүнүн башчылары, мекеме ишканалардын жетекчилери, шаар, район тургундары катышты.
Легендарлуу “Баткен Максат” тобунун чоң программадагы концертинде район акими жана шаар мэри сөз сүйлөп, “Баткен Максат” тобунун чыгармачылык жамаатына ийгиликтерди каалап, колдоо көрсөтүп келишти.
Сахнада -30 жыл мааракелик концерти жогорку деңгээлде өтүп, элдердин маанайы мыкты көтөрүлдү.
Концертке бир канча таанымал эл артистери, бир катар маданияттын мыкты кызматкерлери келип өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Концерт борбордук стадиондо акысыз өткөрүлдү.