Бүгүн Баткен районунун аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жана ата-энесинен эрте ажыраган 14 бала Ысык-Көл облусунда жайгашкан “Алтын балалык” эс алуу лагерине жөнөп кетишти.
Балдарды узатуу учурунда Баткен районунун акиминин орун басары Жумагүл Сатыбалдыева катышып, балдарга ден соолук, жагымдуу эс алуу жана жагдайларга бай таасирлерди каалады.
Белгилей кетсек, балдардын Баткен шаарынан Ош шаарына чейинки жол чыгымдары айыл өкмөттөрүнүн көмөгү менен каржыланды.



