Бүгүн Баткен районунун акими Алтын-Бешик айыл аймагында жайгашкан Дары Булак ден соолукту чыңдоо лагерине барып, ал жерде эс алып жаткан балдардын абалынан кабар алды.
Аким балдарга бекем ден соолук, көңүлдүү жана мазмундуу эс алуу каалап, лагердеги шарттар менен таанышып чыкты. Ал балдардын коопсуздугуна, жашоо-шарттарына жана өткөрүлүп жаткан тарбиялык иштерге өзгөчө көңүл бурду.
Белгилей кетсек, Баткен районунун ар кайсы айылдарынан келген балдар дал ушул Дары Булак лагеринде жайкы эс алуусун өткөрүшүүдө.


