Баткен районунун Алтын-Бешик айыл аймагында жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кезектеги сессиясы болуп өттү. Жыйынга Баткен районунун акими катышып, депутаттар менен биргеликте аймактагы көйгөйлүү маселелерди талкуулады.
Сессияда айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери боюнча маалымат берилди. Депутаттар тарабынан социалдык, экономикалык жана инфраструктуралык багыттардагы маселелер көтөрүлүп, тиешелүү сунуштар айтылды.
Район акими жыйында сүйлөп жатып, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү — жергиликтүү бийликтин жана депутаттардын тыгыз кызматташуусу аркылуу гана ишке ашарын баса белгиледи. Ошондой эле, айыл өкмөтү менен тыгыз байланышта болуп, калктын муктаждыктарын өз убагында чечүүгө чакырды.



