Баткен районунун акими жумушчу сапарынын алкагында Алтын-Бешик айыл аймагына барып, аймактагы бир катар социалдык жана инфраструктуралык маселелер менен жеринде таанышып чыкты.
Иш сапардын жүрүшүндө район жетекчиси айылдагы жолдордун абалын, сугат суу, ички чарбалык маселелер, социалдык объекттердин абалы сыяктуу бир катар көйгөйлөрдү жеринен көрүп чыгып, тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмаларды берди.
Мындан тышкары, аким аймактарда аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен таанышып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар менен пикир алмашты.

