Баткен районунун аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында «Рулда» аттуу алдын алуу рейди башталды. Бул рейд Баткен ОИИБнын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, 2025-жылдын август айына чейин уланат.
Иш-чаранын негизги максаты — жол кырсыктарынын алдын алуу, айдоочулардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин так сактоосуна көзөмөлдү күчөтүү, коомдук тартипти камсыз кылуу жана адам өмүрүн сактап калууга багытталган иштерди күчөтүү болуп саналат.
Рейддин алкагында жол көзөмөл кызматкерлери тарабынан күнүмдүк текшерүүлөр, түшүндүрүү иштеринин жүрүшү жана эреже бузууларга чара көрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өзгөчө унааны мас абалында башкаруу, ылдамдыкты ашыруу, коопсуздук курун такпоо сыяктуу эреже бузууларга бурулууда.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол эрежелерин так сактоого чакырышат. Ар бир жүргүнчүнүн жана айдоочунун жоопкерчиликтүү мамилеси — кырсыктардын алдын алуунун негизги кепилдиги экенин эскертебиз.
Урматтуу жарандар!
Жол эрежесин сактоо – бул өз өмүрүңүздү жана жакындарыңыздын өмүрүн сактоо дегендик. Сизди үй-бүлөңүз күтүп жатат!


