Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан кооптуу делген 10 объект аныкталып, тиешелүү сунуштар министрликке жөнөтүлгөн. Натыйжада, бул объекттер министрликтин пландык иш-чаралар тизмесине киргизилип, иштер баскычтуу түрдө аткарылды.
Бүгүнкү күндө аталган 10 кооптуу аймактагы иштер толук көлөмдө бүткөрүлдү. Тактап айтканда, Алтын-Бешик, Суу-Башы, Ак-Татыр, Ак-Сай, жана Самаркандек айыл аймактарында жайгашкан кооптуу тилкелерде тазалоо, бекемдөө жана коргоо иштеринин бардыгы толук жүргүзүлүп, жыйынтыкталды.
Бул иш-чаралар жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп, район аймагындагы коркунучтуу тилкелерде жашаган тургундардын тынчтыгын жана коопсуздугун сактоого багытталган.




