Баткен районунун Бужум айылында жайгашкан “Нур-Периште” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде бала бакчалардын директорлору үчүн окуу-семинар өткөрүлдү.
Семинар “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында иш кагаздарын туура жүргүзүү” темасында өтүп, катышуучулар иш кагаздарын жүргүзүүнүн негизги принциптери, документтерди туура толтуруу, архивдөө жана сактоо боюнча методикалык билимдерди алышты.
Иш-чарага Баткен районунун акиминин орун басары Жумагүл Сатыбалдыева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Баткен облусундагы өкүлү Жолмат кызы Динара жана архив бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.
Семинарда мамлекеттик тил мыйзамдары, иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жана бала бакчаларга тиешелүү жобо жана стандарттар боюнча маалыматтар берилди.






