Улуу жеңиштин 79 жылдыгына жана Баткен районунун 90 жылдыгына карата Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Учкунбек Жоробаевдин демилгеси менен шахмат оюну боюнча акимдин кубогу өткөрүлдү.
Район акими Учкунбек Жоробаев шахмат оюнунун катышуучуларына ийгиликтерди каалап, бүгүнкү шахмат оюнунун салтанаттуу түрдө ачып берди.
Бүгүнкү өткөрүлүп жаткан акимдин кубогунун негизги максаты сергек жашоо, биримдикти чыңдоо болуп саналат.
Мелдештин жеңүүчүлөрү Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Учкунбек Жоробаевдин сыйлыктары, дипломдор, грамоталары, акчалай сыйлыктары жана кубоктору менен сыйланды.
Бул иш чара Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү КРнын Президентинин жарлыгын ишке ашыруу максатында,
район акими Учкунбек Жоробаевдин демилгеси астында спортко көңүл буруу менен достукту жана биримдикти чыңдоо максатында уюштурулуп өткөрүлдү.