Баткенде Улуу Жеңиш күнүнүн 79 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.
КРнын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, район акиминин орун басары Кишимжан Кыдырова, облус, район жетекчилери Баткен районунун ардагерлер кеңешинин төрагасы “Өчпөс отко” гүл чамбар коюшуп, таазим кылышты. Ошондой эле согушта курман болгон аталарга багышталып куран окулду.
Улуу Жеңиш күнүнө арналган салтанаттуу бөлүк борбордук стадиондо улантылып, Баткен райондук маданият үйүнүн таланттарынын майрамдык программасы тартууланды. Ошондой эле тылдын ардагерлерине талаа ашкана шартында жоокердин боткосу берилип, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Учкунбек Жоробаев райондун аймагындагы тылдын ардагерлерин бүгүнкү майрамдары менен куттуктады.