Ардактуу эмгектин каармандары!
Сиздерди 9-май Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы менен Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын ыкластан куттуктайм!
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта жалпы совет элинин, анын ичинде кыргызстандык жалтанбас эр азаматтар фашисттик Германияга жана анын союздаштары Италия, Венгрия, Румыния, Финляндия жана Японияга каршы өз мекенинин көз карандысыздыгы үчүн күн-түн ажал оту менен арбашып, салгылашышкан.
Бүгүнкү күндө районубузда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу тилекке каршы жок.
Ал эми ооруктун 19 катышуучусу бар.
Майтарылбас жоокерлердин эрдиктерине жана согуш кесепетинен бөлүнгөн эл чарбасын калыбына келтирүүгө жаштык жигерин жумшаган ооруктун катышуучуларына башыбызды ийип таазим этебиз.
Сиздер тынчтыктын баркын, баасын жакшы билген улуу адамдарсыздар. Сиздердин насаатыныздар, өрнөктүү өмүрүңүздор биз үчүн теңдешсиз сабак. Мезгил зымырап өз нугу менен өтө берет. Ал эми согуштун кайгысы, азап-тозогу, баатырлардын элеси эч качан унутулбайт.
Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгондорго жана ооруктун каармандарына түбөлүк даңк жана таазим!
Бүгүн 19 ооруктун ардагерлери Эли-Журту менен бирге Жеңиштин 79 жылдыгын майрамдап жатышат. Жараткандан бул инсандарыбызга өмүр тилейбиз. Мамлекетибиз, анын ичинде Баткен райондук мамлекеттик администрациясы мүмкүн болгон колдоосун көрсөтүп келе жатат. Мындай колдоо, камкордук, урмат-сый мындан ары да улана берет.
Жеңиш туусу түбөлүк желбиреп, жергебизде тынчтык болсун!
Майрамыңыздар менен, урматтуу Баткен районунун тургундары!