КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев жана Баткен районунун акими У. Жоробаев Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылындагы 94 жаштагы Кожоева Зулфия энени Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктап, кабар алышты. Облус башчысы жана район акими ардактуу энеге өздөрүнүн каалоо-тилектерин айтып, акчалай сыйлыктарын, баалуу белектерин тапшырышты.
Мындан туптуура 79 жыл мурда кандуу Улуу Ата Мекендик согуш – 1418 күнгө созулган. Айта кетсек учурда Баткен районунда УАМ согуштун ардагери жок. Ооруктун 19 эмгекчи ардагерлери бар.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгынын урматына 1941-1945-жылдарда кан күйгөн согуш мезгилинде оор шартта оорукта эмгектенген Зулфия эне кабар алган жетекчилерге ыраазычылыгын билдирип, ак батасын берди.
Кожоева Зулфия эне учурда 94 жашта. Ал өмүрүн, эмгегин мекенге арнаган инсан. Эненин 3 кыз, 3 уулу бар.