«Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” кароо сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.
Иш чарага Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, акимдин орун басары Кишимжан Кыдырова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимовдор катышты.
Иш чарада «Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” кароо сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланып, Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын I, II, III, даражадагы дипломдору жана баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.
Баткен районунун аймагындагы мектеп жана балдар бакчаларынын педагогикалык кызматкерлери арасында мугалимдердин чыгармачыл дараметин аныктоо жана алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу максатында буга чейин райондун аймагындагы билим берүү мекемелеринин мугалимдерине кароо сынак өткөрүлгөн.
Сынакка райондун аймагындагы мектептерден 67 мугалим, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан 7 тарбиячы катышкан. Ар бир предмет боюнча калыстар тобунун курамы бекитилип, катышуучулардан келген санариптик портфолиолор, сабактар, визиттик карталар каралып чыгып, орундар аныкталды.
Ошондой эле сыйлоо аземинде билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети тарабынан да жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.
Бүгүнкү сынактын жыйынтыгы менен облустук этапка 8 предметтен 8 мугалим жана 1 балдар бакчасынын тарбиячысы катышууга жолдомо алды.