Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Кишимжан Кыдырованын жетекчилиги астында райондун жалпы билим берүү уюмдарында 2023-2024-окуу жылын уюшкандыкта жыйынтыктоо жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү, убагында мектеп окуучуларынын коопсуздугун сактоо максатында атайын жыйын болуп өттү.
Жыйынга райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, райондун аймагындагы билим берүү мекемелеринин жетекчилери, тийиштүү мекеме ишканалардын кызматкерлери катышты.
Жыйында 2023-2024-окуу жылы жыйынтыкталып, жалпы билим берүү мекемелеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаттарынын өткөрүлүшү жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздугу кызуу талкууланды.
Район акиминин орун басары Кишимжан Кыдырова окуучулардын өз алдынча эс алууга чыгууга уруксат жок экендигин ата энелерге, окуучуларга жеткирүү тапшырмасын берип, окуучулардын коопсуздугун кароо, ошондой эле жакында Сузак районунда өткөрүлгөн Манас айтуу иш чарасында орун алган кырсык туурасында айтып, окуу жылын ийгиликтүү аяктап алууга чакырып өттү.
Жыйындын соңунда тиешелүү чечимдер кабыл алынып, жетекчилерге тапшырмалар берилди.
Жыйында мектеп окуучуларынын ата-энелерине “Акыркы коңгуроо” салтанатынан сырткары иш-чараларды уюштурууга тыюу салынып, окуу эмес күндөрү, майрам күндөрү окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелер жооптуу экендиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы айтылды.