Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Учкунбек Жоробаев Дара айыл аймагынын Чек айылынын тургундары менен жолугушту.
Жыйынга облустун жана райондун аймагындагы мекеме ишканалардын жетекчилери, аталган айыл өкмөтүнүн тургундары катышты.
Жыйында алгач облус башчысы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун көйгөйлүү маселелерди чечкен жарлыктары, президент тарабынан аткарылып жаткан иштери жана чечимдери туурасында элге кенен маалымат берип, аймактын алдыдагы жылдарга өнүгүү багыттары тууралуу айтып берди.
Өткөрүлгөн жыйындын жүрүшүндө Дара айыл өкмөтүнүн башчысы Искендер Тилеков 2023-жылы Дара айыл аймагындагы аткарылган иштер туурасында маалымат берип өттү.
Жыйын облус жана район башчысы менен жергиликтүү элдин ортосунда суроо жооп менен уланып, эл тарабынан көйгөйлүү маселелер айтылып, тийиштүү жетекчилер жеринде жооп беришти. Жыйында негизинен элдер тарабынан турак жай, жол, суу, жайыт жана башка ушул сыяктуу маселелер көтөрүлдү.
Андан сырткары эл тарабынан айыл менен Баткен шаарын байланыштырган маршруттук каттамдардын каттоосу, окуучулар үчүн маршруттук каттамдын баасы боюнча сунуштарын билдирип, элге ыңгайлуу баа, ыңгайлуу график түзүп берүү жагы сунушталды. Бул боюнча облус башчысы тийиштүү жетекчилерге чечүү тапшырмасын берди.
Жыйындын соңунда айыл аксакалдары тарабынан келген жетекчиликке ыраазычылыктар айтылып, мындан ары иштерине ийгиликтерди каалашты.