Тажикстан Республикасынын Исфара районунда Нооруз майрамы жогорку деңгээлде салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага Кыргыз Республикасынын Баткен районунун акими Данир Иманалиев баш болгон делегация катышты.
Делегацияны жылуу маанайда тосуп алышып, эки элдин достук мамилеси мындан ары да чың болорун дагы бир жолу тастыкташты.
Майрамдык иш чарада Баткен районунун акими сөз сүйлөп, тургундарды Нооруз майрамы менен куттуктап, кыргыз жана тажик элдеринин достук байланышын кеңири даңазалады. Иш чаранын жүрүшүндө катышуучулар бири-бирине белек берип, жылуу сөздөрүн арнады.
Салтанаттуу майрам ыр-бийлер, көргөзмөлөр жана маданий программалар менен коштолуп, катышуучулардын көңүлүн көтөрдү.
Бул иш чара эки элдин достук жана ынтымактуу мамилесин чыңдоого багытталган маанилүү окуя катары эсте калды.







