Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Бужум айылындагы негизги жолду кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Учурда тосмолор алынып, даярдык иштери жүргүзүлүүдө.
Жерине барган аким жарандар менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Маалыматка ылайык, аталган көчө кеңейтилип, асфальт төшөө пландалууда.



